Туризм фонду Кыргызстандын баардык кызыктуу жерлердин реестрин сунуштайт 

Өз мекенибизди билели. Туризм фонду Кыргыз Республикасынын  баардык кызыктуу жерлердин реестрин сунуштоодо. Бул тууралуу аталган фонддон билдиришти.

Республика боюнча жүргүзүлгөн инвентаризациянын алкагында Кыргыз Республикасынын бир жарым миңден ашык табигый жана тарыхый кооз жерлери инвентаризацияланып базага кирди. Ал Кыргыз Республикасынын Туризмди өнүктүрүүнү колдоо фонду тарабынан демилгеленип, өлкөнүн бардык аймактарындагы туристтик дестинациялар тарабынан өткөрүлдү. Эксперттер, гиддер, археологдор туристтерди кызыктыра турган бардык жерлерди камтыган чоң маалымат базасын түзүшкөн.

Эксперттер бир нече ай иштешти. Андан кийин бардык чогултулган маалыматтар иштетилип, автоматташтырылган маалымат базасына киргизилди. Ар бир объектти сүрөттөрдөн тышкары, анда туристтик бизнестин өкүлдөрү үчүн пайдалуу боло турган фотосүрөттөр, географиялык координаттар жана маалыматтар камтылган. Келечекте ал дагы кеңейтилет.

Маалымат Кыргыз Республикасынын visitkyrgyz.com сайтында жеткиликтүү. Азыркы убакта биздин өлкөдөгү жүзгө жакын негизги туристтик жерлер белгиленген.Бара-бара бул сан көбөйөт. Биздин блогер, туризм жаата иштеген жарандардан жана жеке эле коомчулуктан маалымат боюнча жардам берет деп үмүттөнбуз 

Маалыматты pr@fundtourism.com дарегине жөнөтүүгө суранабыз.

Сайтта Кыргыз Республикасынын табигый жана тарыхый кооз жерлеринин картасы, пайдалуу маалыматтар, туристтер үчүн лайфхактар ​​бар. Бул ресурс биринчи кезекте биздин өлкө менен жакындан таанышканы келген чет элдик саякатчыларга багытталгандыктан, сайт англис тилинде ачылды. Жакынкы арада кыргыз жана орус тилдеринде да жеткиликтүү болот.

Инстаграмдагы Кыргыз Республикасынын расмий баракчасы – Visit Kyrgyz Republic чоң кызыгууну жаратты. Аны ишке киргизгенден бери өткөн эки айдын ичинде абоненттердин саны 33 миң 900 адамга жетти. Өлкөбүздүн ажайып жаратылышы, бай тарыхый мурасы, кыргыз элинин үрп-адаттары, каада-салттары – мунун баары басылмаларда чагылдырылган. Популярдуу саякат блогерлери өлкө баракчасынын жазылуучулары менен өздөрүнүн сонун сүрөттөрүн жана видеолорун бөлүшүп жатканына абдан кубанычтабыз. 

Төмөндөгү шилтеме аркылуу көрө аласыздар:

https://www.instagram.com/visit.kyrgyz.republic/