ВИДЕО: Надира Нарматова Туризм агенттигин түзүүнү сунуштады

2022-жылдын 11-мартында Туризм фонду түзүлүп, мамлекеттен бир миллиард сом бөлүнгөн. 2023-жылы жетекчилерине кылмыш иши козголуп, соңку маалда абакта отурушат.

Бул тууралуу депутат Надира Нарматова Жогорку Кеңештин жалпы жыйыныда билдирди.
“Фонд түзүлүп жатканда жалгыз мен каршы чыкканмын. Мен айткандай эле турмуш өзү көрсөттү. Туризм фонду өзүнүн жасаган иши менен бүгүнкү күндө кандай жумуш аткаргандыгын, мамлекеттин акчасы таланып, тонолуп кеткендигине, мекеменин жетекчиси мыйзам алдында жооп берип жаткандыгы далил болуп эсептелинет.
Туризм фонду менен туризм департаментинин биргелешип экономика министрлигинин алдына алып баргандыгы туура маселе. Тилекке каршы, бул дагы жетишсиз болуп турат.
Ошон үчүн мен бул багытта жети миллион каржы бар эбегейсиз туристтик потенциалы бар өлкөбүз үчүн бул жетишсиз болгондуктан, төмөнкүдөй сунушту бергим келет.
Бул чөйрөдө саясат иштеп чыгууда жана аны талаптагыдай ишке ашырууда көрсөтүлгөн туристтик тармактык саясатынын алдында турган милдеттерин эске алуу менен, туризм департаментин Туризм боюнча мамлекеттик агент кылып, президенттин алдында же болбосо Министрлер кабинетине түздөн-түз өзүнчө жооп бере турган агенттик кылып, туризм тармагын которгонго мүмкүнчүлүк түзүлөт.
Эгерде ар бир министрликтин алдына алып барып чаптай бере турган болсок, маселе дагы деле жыйынтыгын бербейт. Себеби биз туризмди негизги стратегиялык багыт катары эсептей турган болсок, анда өз алдынча туризм боюнча агенттик кылып, туризм фонду менен туризм департаментин бир багытка түзүп, алардын вертикалдык структурасын тузуп, андан кийин каражатын дагы, штатын дагы көбөйтүп берип, алардын мамлекеттик программасын талап кылсак жакшы болот”, – дейт Нарматова.