Чолпон Султанбекова балдарга зомбулук көрсөткөндөргө жазаны күчөтүүнү сунуштады

Депутат Чолпон Султанбекова балдарга зордук-зомбулук көрсөткөндөргө жазаны катаалдатуу тууралуу сунушун киргизди. Бул тууралуу ал Жогорку Кеңештин 15-июндагы жыйынында айтты.

Султанбекова эки жашар баланы сабаган шектүү эркиндикте чыкканын айтып, балдарга зомбулук көрсөткөндөгө жазаны күчөтүү өтүнүчү менен президент Садыр Жапаровго кайрылды. 

“Балдарга зордук-зомбулук көрсөткөндөр жазасын алаарын жана коомдун мындай жүрүм-турумга чыдабай турганын билиши керек. Бирок тилекке каршы айрым зомбулук фактыларды жазадан кутулуп кетип жатканы аябай көп болуп атат. Соттон акталып атышат ошол адамдар. Ушул жылдын 13-июнунда Жогорку сот 2 жашар баланы кыйнады деп айыпталган эки жылдык мөөнөткө сырттан көзөмөл менен боштуп жиберди. Ал шектүү Свердлов райондук сотунда 5 жылга соттолгон. Бирок аны, бошотуп жиберишти”,- деди ал.