Марат Иманкулов Кыргызстан чек ара маселесин чечүү боюнча Тажикстанга сунуш бергенин айтты

Коопсуздук кеңешинин катчысы Марат Иманкулов президент Садыр Жапаров Тажикстандын президенти Эмомали Рахмонго чек ара маселесин чечүү үчүн сунуш киргизгенин билдирди. Бул тууралуу Иманкулов Биринчи радионун эфиринде айтты.

Анын айтымында, Жапаров жакында Чолпон-Атада Эмомали Рахмон менен жолугушуусунда айткан.

 «Президент өз позициясын билдирди. Бизде саясий эрк бар. Эч бир коңшуга, анын ичинде Тажикстанга да аймактык дооматтар жок. Мен бир жолугушууда тамашалап Кыргыз каганатын эстейли, ал кандай кенен аймактарды ээлеген […] Мындан 50-100 жыл мурун карасаң, көп нерсени өзгөртүүгө туура келет.Кээ бир мамлекеттер ал кезде болгон эмес деп айткам. Мисалы АКШ 300 жыл мурун болгон эмес. Алар Түндүк Американы басып алып, мунун айынан ал жакта жашаган эл дээрлик жок болуп кеткен. Ошондуктан азыркы реалдуулук менен эсептешели. Ооба, чек ара маселесин чечүү оңой эмес. Сүйлөшүүлөр, дипломатия аркылуу гана баары ишке ашат. Кээде компромисске барууга туура келет. Татаал аймактар бар, алар боюнча жергиликтүү калктын пикирин эске алуу менен чечим кабыл алабыз. Эки өлкөнүн лидерлеринин жолугушуусунда президентибиз өзүнүн сунушун айтты, алар карап жатышат”, – деди Марат Иманкулов.