Эл өкүлү: Майлуу-Суу шаарында кесипкөй акушер-гинеколог жок

Депутат Мейкинбек Абдалиев мындай пикирин Жогорку Кеңештин 15-июндагы жыйынында билдирди.

Анын айтымында, бюджеттик негизде окуган студенттерди аймактарга жумушка тартуу керек.

«Мисалы, кимдир бирөө айылда ооруп калса, ал сөзсүз Бишкекке күчтүү дарыгер издеп келет. Бул көп чыгымдарга алып келет. Баарынын Бишкекке келүүгө мүмкүнчүлүгү жок. Майлуу-Сууда 20 миң адам жашайт. Бирөө төрөп калса, аргасыздан Жалал-Абад, Кочкор-Ата, Масыга барышат. Жолдо ар кандай окуялар болушу мүмкүн», – деди Абдалиев.

Депутат бюджеттик негизде окуган студенттерди аймактарга жумушка тартууну сунуштады. «Окууну бүткөндөн кийин аймактарда 6 жылдан кем эмес иштөө боюнча окуунун башталышында Саламаттыкты сактоо министрлиги менен келишим түзүшсүн. Жеке эле медиктер эмес, башка тармакта да бюджеттин эсебинен билим алган жогорку окуу жайдын бүтүрүүчүлөрү аймактарда эмгек жолун баштасын», – деди Абдалиев.