Борбордо мектеп автобустары каттай баштайт

Бишкек шаарында кийинки аптадан тарта борбордо мектеп автобустары каттай баштайт. Бул тууралуу бүгүн, 23-ноябрда маалымат жыйында мэр Эмилбек Абдыкадыров билдирди.

Анын айтымында, пилоттук режимде автобустар борбордогу 5 мектепти: №13, 29, 28, 69 жана 70 мектептерди камтыйт.

Долбоорду жеке жүргүнчүлөрдү ташуучу компания ишке ашырууда.