Мадумаров: “Кемпир-Абад маселеси жыйында ачык каралбаса, чыгып кетем”

Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин жыйынынында депутат Адахан Мадумаров: «бешинчи жана алтынчы маселесине келгенде жыйын жабык өтпөйбү?»,- деген суроо узатты.

Бул суроого аталган комитеттин төрагасы Улан Примов: «азырынча андай план жок. Биз ачык өткөрүүнү эле пландап жатабыз», — деп жооп берди.

Мадумаров эгер ошол маселелер жабык эшик артында карала турган болсо, убакытты текке кетирбестен жыйындан чыгып кетип калуу абзел экенин кошумчалады.