Гапар Айтиев көркөм сүрөт музейинде Талас сүрөтчүлөрүнүн көргөзмөсү өттү

Гапар Айтиев атындагы көркөм сүрөт искусство музейинде Талас облусунун сүрөтчүлөрүнүн пленэринин көргөзмөсү болуп өттү. Эмгектердин арасынан аталган облустан чыккан сүрөтчүлөрдүн тарткан пейзаждарын көрүүгө болот.

Пленэрге чыгуу идеясы ушул жылдын жаз мезгилинде пайда болуп, ишти июль айынын аягынан августтун башына чейин аткарышкан. Түрдүү курактагы жети сүрөтчүнүн эмгектеринин бардыгы бул залга батпай калды.

Өнөр адамдары эки жумага жетпеген убакта Таластын Арал жана Каракол айылдарынын арасындагы жаратылышты кагаз бетине түшүрүп, көргөнү келген адамдарга Кыргызстандын кооздугун даана жеткиришти.

Сүрөтчү Малабек Бутешевдин айтымында пленэрге чыгуу оюн алар “Альянс Алтын” компаниясына билдиргенде, компания 200 миң сом бөлүп, дароо колдоо көрсөткөн.

Чыгармачылык эргүү аркылуу элдин турмушун чагылдырып, кыргыздын жаратылышын даңазалоо максатын көздөгөн сүрөтчүлөрдүн эмгектери көргөзмөгө келген жаш сүрөтчүлөргө да жагып, жылуу пикирлерди чогултту.

YouTube video