“Мир 24.kg” маалымат порталынын оператору камакта калды

Журналист Санрабия Сатыбалдиева менен бирге кармалган “Мир 24.kg” маалымат порталынын оператору Калыс Аширбаевдин камактагы мөөнөтү узартылып, ал 2023-жылдын 2-январына чейин камакта болот.

Мындай чечимди Бишкектин Биринчи май райондук соту чыгарган.

Эске салсак, 4-ноябрга караган түнү шектүү катары кармалган Аширбаев 20-ноябрга чейин камалган.

Ал эми Сатыбалдиеванын үйүндө тинтүү жүргүзүлүп, андан соң журналист убактылуу кармоочу жайга 48 саатка киргизилген. Ал эч жака кетпөө тил катынын негизинде бошотулган.

Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы журналист Санрабия Сатыбалдиева «опузалап талап кылуу» фактысы боюнча кармалганын кабарлады. Маалыматка караганда, жарандын ар-намысына жана кадыр-баркына шек келтирген маалыматтарды таратуу шылтоосу менен коркутуп, 10 миң АКШ долларын опузалап талап кылуу фактысы боюнча тергөө амалдары жүрүп жатат.