Карындашын зордуктоодон коргоп калган жаран дагы деле камакта

Карындашына кол салган адамды атып өлтүргөн жаран СИЗОдо камакта. Бул тууралуу соттон билдиришти.

Белгиленгендей, 1975-жылы туулган И.Р. аттуу жаранды өлтүрүү фактысы боюнча козголгон кылмыш ишинин материалдары Чүй райондук сотунда каралып, күбөлөр суралууда. Кылмышка шектүү 1986-жылы туулган Д.З. учурда СИЗОдо камакта.

Эскерте кетсек, 1-июль күнү саат 8:30да Чүй райондук ИИБнин нөөмөт бөлүмүнө Бишкек-Торугарт унаа жолунун 69-чакырымында ок атуу тууралуу маалымат түшкөн. Ыкчам топ 47 жаштагы адамдын жансыз денесин табышкан.

Ал тез жардам келгенге чейин каза болгон. 

Ошол күнү Токмок шаарындагы аялдамадан 1989-жылы туулган Ж.А., И.Р. айдап бара жаткан унаага түшкөн. Айдоочу жолдон чыгып, кызды зордуктай баштаган.

Аял машинадан түшүп, агасына чалып, болгон окуяны айтууга үлгүргөн. Ал башка унаага түшүп кетүүгө үлгүргөн. Кылмышкер бул унааны кууп жетип, жолду тосуп, кызды чачынан жулуп, унаадан чыгарууга аракет кылган. Бул учурда окуя болгон жерге кыздын 36 жаштагы агасы келип, газ-травматикалык тапанча менен кол салган адамга ок чыгарган. Аталган факты КРнын Кылмыш-жаза кодексинин “Адам өлтүрүү” беренеси менен катталган. Карындашын коргогон адам кармалып, Токмак шаардык ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.