Орозайым Нарматова 20-февралга чейин камакта калтырылды

Бул тууралуу Булак.кжге Биринчи Май сотунан билдиришти.

Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун 2022-жылдын 9-декабрындагы токтомуна ылайык,Нарматова Орозайымга карата мурда тандалган Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу ЖАМК №21 тергөө изоляторуна камакка алуу түрүндөгү бөгөт коюу чарасынын мөөнөтү 2023-жылдын 20-февраль күнүнө чейин узартылды.

Буга чейин Азимбек Бекназаров да февралдын аягына чейин камакта калтыруу чечими чыккан.