Жарандар арасында радикалдашууну жана диний экстремизмди алдын алуу боюнча семинарлар өткөрүлдү

2022-жылдын 5-декабрынан 10-декабрына чейин Нарын, Ысык-Көл, Чүй, Талас облустарынын аймактарында ИИМдин Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү боюнча кызматынын демилгеси менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 21-июнундагы №394 токтому менен бекитилген 2017-2022-жылдарга Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн экстремизмге жана терроризмге каршы аракеттенүү боюнча программасын ишке ашыруу жана 2021-2026-жылдарга мамлекеттин диний чөйрөдөгү концепциясынын пландарынын тийиштүү пункттарын аткаруу максатында бир катар түшүндүрүү иш-чаралары өткөрүлдү.

Анын алкагында Кыргыз Республикасында ишмердүүлүк жүргүзүп келген «Эл аралык толеранттуулук үчүн» коомдук фондунун жана “Saferworld” эл аралык уюмунун колдоосу менен Чүй, Талас, Нарын, Ысык-Көл облустарынын район-шаарларындагы Коомдук алдын алуу борборлорунун мүчөлөрү, аксакалдар кеңештеринин, аялдар кеңештеринин, жаштар комитеттеринин өкүлдөрү, милициянын аймактык тескөөчүлөрүнүн, жашы жете электер менен иштөө инспекторлорунун жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызматкерлеринин катышуусунда окутуу –семинарлары өткөрүлдү. Бул иш-чара «Коомчулукта радикалдашууну жана диний экстремизмди алдын алууда мамлекеттик органдардын менен иштөөнүн теоретикалык жана практикалык негиздери» темасында өттү.


Семинардын алкагында катышуучуларга “Экстремизм, терроризм, радикализм түшүнүктөрү жана келип чыгуулары”, “Кыргыз Республикасынын диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясаты”, “Кыргыз Республикасындагы диний кырдаал жана тыюу салынган экстремисттик, террордук уюмдардын идеологиясы”, “Жаш өспүрүмдөр арасында кылмыштуулукту алдын алууда коомдук алдын алуу борборлорунун ролу”, “Интернет тармагындагы ачык булактарды колдонуунун, изилдөөнүн усулдары, диний экстремизмдижана терроризмди алдын алууда коомдук алдын алуу борборлорунун жаштар менен иштөөнүн өзгөчөлүктөрү” аттуу темалар боюнча атайын даярдалган баяндамаларды, видео роликтерди, слайддарды көрсөтүү менен маалыматтар бирилди.
Өткөрүлгөн иш-чаранын экинчи этабында маалымат алмашуу, сунуш-пикирлерди алуу максатында суроо-жооптор жүргүзүлүп, сунуш-пикирлер угулду. Берилген суроолордун басымдуу бөлүгү коомдук алдын алуу борборлорунун ишин уюштуруу, алардын компетенциясы, диний экстремизм жөнүндө болуп, берилген суроолор боюнча иш-чарага катышкан жергиликтүү мамлекеттик, өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрү, коомдук алдын алуу борборлорунун, жаштар уюмунун мүчөлөрү канааттандыраарлык жооп ала алышты.


Иш-чаралардын аягында катышуучуларга Кыргыз Республикасынын ИИМдин Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү боюнча кызматы тарабынан даярдалган, диний экстремизмди алдын алуу темалары боюнча 1000 ашык нускада буклеттер, эстеткичтер таратылды.

WhatsApp Image 2022 12 09 at 12.25.41 Жарандар арасында радикалдашууну жана диний экстремизмди алдын алуу боюнча семинарлар өткөрүлдү
WhatsApp Image 2022 12 09 at 12.25.42 Жарандар арасында радикалдашууну жана диний экстремизмди алдын алуу боюнча семинарлар өткөрүлдү

ИИМдин Басма сөз кызматы