Лукашенко эмне үчүн ЕАЭБ саммитине жөө келген? Жооп

Бүгүн, 9-декабрда Бишкекте Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин саммити өттү.

Резиденцияга кирип, президент Садыр Жапаров менен учурашып жатып, Беларустун президенти Александр Лукашенко жолугушууга жөө келгендигин билдирди.

“Унаада эч кандай техникалык мүчүлүштүктөр болгон эмес, тиешелүү кызматтар мындай иштерди алдын ала дыкаттык менен иштеп чыгууда. Беларусь лидери чыгаар маалда анын үйүнүн алдындагы унаа от алып турган”, — деп мамлекет башчынын басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев жураналисттерге билдирди. 

Ал белгилегендей, жашаган жери иш-чара өтүүчү жерден алыс эмес болгондуктан, Беларусь президенти жөө басууну артык көргөн.

«Ал конгресс-холлго графиктен кечикпей убагында келди», – деп жыйынтыктады Султанбаев.

lukash Лукашенко эмне үчүн ЕАЭБ саммитине жөө келген? Жооп