Мустафа Сандалдын концерти: Ырчы калпак кийип, комузда обон созорун убадалады

Бишкекте, бүгүн, 9 -декабрда түркиялык белгилүү ырчы Мустафа Сандал келип концерт берди.

Концерттин башталыш аземинде ал кыргыз калпагын, “Манас” эпосунун түрк тилине которулган китебин жана комузун белекке алып, эми ал толук кыргыз экенин белгиледи.

Кошумчалай кетсек, ал ошондой эле “Манас” эпосун аягына чейин окуп, комузда ыр ырдап бере тургандыгын айтты.

Белгилей кетсек, атактуу ырчы Кыргызстанга Ислам Сатаровдун чакыруусу менен келген.

WhatsApp Image 2022 12 09 at 18.33.02 1 Мустафа Сандалдын концерти: Ырчы калпак кийип, комузда обон созорун убадалады