Айпери Кубик кызы жолдошу менен ажырашканын билдирди

Белгилүү ырчы Айпери Кубик кызы жолдошу менен эки ажырым жолго түшкөнүн жазды.

Ал бул тууралуу өзүнүн социалдык тармактагы баракчасы аркылуу күйөрмандарынын суроолоруна жооп берип жатып билдирген.

«Көптөгөн сыноолордон улам, 5 жыл ичинде бирде чоогу жашап, бирде узакка ажырап, кайра жарашып, кайра ажырашып жүрүп, аягы эки жолго түшүү менен аяктады. Бир топ убакыт болуп калды. Балдарым менен жалгыз бой энелердин катарында», — деп жазган ырчы.

image 1 1 Айпери Кубик кызы жолдошу менен ажырашканын билдирди