Григорий Лепстин Чолпон-Атада пландалган концерти болбойт

Украинадагы согушту колдогон Григорий Лепстин Чолпон-Атада пландалган концерти өтпөй турган болду. Бул тууралуу концерттин уюштуруучулары 6-июлда «Азаттыкка» ырастап, буга «коомдогу каршы пикирлер негиз болгонун» билдиришти.

Лепстин концерти 2-августта Чолпон-Ата шаарындагы Айтматов аллеясында өтмөк. Бул жарыя социалдык тармактарга чыккандан кийин айрымдар анын Кыргызстанга келишине каршы экенин жазып чыгышкан. Алардын бири — саясат талдоочу Алмаз Тажыбай «Кыргызстан Украинадагы согушта бейтарап позицияны карманып жатканын, ошол себептүү Кремлдин согуштук саясатын колдогон маданият кызматкерлеринин концерти өлкө аймагында өтпөшү керектигин» айткан.

Буга чейин Григорий Лепстин Өзбекстанда 23-октябрга пландалган концерти да жокко чыгарылган. Буга өзбекстандыктардын социалдык желедеги нааразылыгы себеп экени айтылган. Активисттер Телеграмда #LepsKerakmas (Лепс керек эмес) хэштеги менен нааразылык өнөктүгүн башташкан.

Орусиялык ырчылар Григорий Лепс менен Николай Басков ошондон бир нече апта мурун Украинанын Куралдуу күчтөрүнө таандык танктарды жок кылгандарга бир миллион рубль сыйлык бере турганын билдиришкен. Андан кийин Лепстин Казакстандагы концерти да токтотулган.

Буга чейин орусиялык рэпер Моргенштерндин 23-24-июнда Бишкекте Alga Fest музыка фестивалына катышары коомдо кызуу талкуулангандан кийин уюштуруучулар ырчы иш-чарага катышпай турганын билдирген.