Ысык-Көл облусунун мамлекеттик нотариустарына кылмыш иши козголду

Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

      Маалыматка караганда, КР УКМК тарабынан Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын одоно бузуу менен нотариалдык келишимдерди каттаган (ар кандай мүлктү пайдалануу жана тескөө укугуна ишеним каттарды түзүү (жарактуулук мөөнөтүнө карабастан), анын ичинде ишенимге өткөрүп берүү (унаа башкаруу жана тескөө үчүн ишеним кат, кыймылсыз мүлктү сатууга ишеним каттар ж.б.у.с.) мурастоо күбөлүктөрүн берүү, кыймылсыз мүлккө менчик укугун өткөрүп берүү (сатып алуу-сатуу келишимдери) боюнча келишимдердин күбөлүктөрү) туралуу Ысык-Көл облусунун мамлекеттик нотариустарына карата кылмыш иши козголду.

      "2023-жылдын 27-апрелинен 5-майына чейинки мезгилде Каракол шаарынын, Ак-Суу, Жети-Өгүз жана Ысык-Көл райондорунун мамлекеттик нотариустарында ыкчам-иликтөө иш-чаралары жана санкцияланган тинтүү иштери жүргүзүлүп, анын жүрүшүндө жасалма ишеним каттар, каттоо журналдар жана кылмыш ишине тиешелуу башка нерселер табылып алынды", - деп айтылат маалыматта.
      Учурда бул иш боюнча тергөө иштери уланууда.
00c61776 7031 418c 9579 f70ca5da5bf0 Ысык-Көл облусунун мамлекеттик нотариустарына кылмыш иши козголду
17695664 62d4 4992 85cb f9ded572e41e Ысык-Көл облусунун мамлекеттик нотариустарына кылмыш иши козголду
579f8832 be69 422d 9e9b 034d6db0b6f7 Ысык-Көл облусунун мамлекеттик нотариустарына кылмыш иши козголду
d4411186 2b55 4551 9f3c 5ec71fa04fe6 Ысык-Көл облусунун мамлекеттик нотариустарына кылмыш иши козголду
9d13597b 9866 48db a123 e041af3d47de Ысык-Көл облусунун мамлекеттик нотариустарына кылмыш иши козголду
a1ec4741 9bc7 46d0 b0c5 f2d41f2709a8 1 Ысык-Көл облусунун мамлекеттик нотариустарына кылмыш иши козголду