Чүй: Террорист ижарага алган үй толугу менен күйүп кетти

Чүй облусунун Дмитриевка айылында террористти кармоо операциясы учурунда кылмышкер жашаган үй өрттөнүп кетти.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдиргендей, операция учурунда террорист катуу куралдуу каршылык көрсөтүп, натыйжада ал жашап жаткан үй өрттөнгөн. Жерине саат 08:21де эки өрт өчүрүү бөлүмү тартылган.

«Абал кооптуу болгондуктан күч структураларынын атайын операциясы аягына чыккандан кийин өрт өчүрүүчүлөр тилсиз жоону саат 12:28де толук өчүрүшкөн. Өрт кырсыгынын кесепетинен 303 чарчы метр жеке турак жай толугу менен күйгөн», — деп билдиришти министрликтен.

Эскерте кетсек, буга чейин ИИМ маалымдагандай, Дмитриевка айылында ИИМдин жана УКМКнын атайын бөлүктөрүнүн кызматкерлери куралчан террористти кармоо операциясын өткөрүшкөн. Аны кармоо учурунда террорист катуу куралдуу каршылык көрсөткөн. Натыйжада куралчан террорист жок кылынган.

Операция учурунда ИИМдин атайын багыттагы эки кызматкери жараат алган.

Милиция Дмитриевка айылында Оштогу каракчылык иши боюнча шектүүлөрдүн бирин кармоо боюнча операция жүргүзүп жаткан.

Быйыл 27-январда Кара-Суу районунун Нариман айыл аймагындагы турак жайлардын бирине куралчан, үстүнө камуфляж формасын кийген 30-35 жаштардагы белгисиз жарандар «Мерседес-Бенц-Вито» унаасы менен келип, үй ээсин каракташкан Аталган турак жайдын жашоочулары өздөрүнүн «Тайота Ленд Крузер 200» унаасын айдап чыгып баратканда, аларга карата ок чыгарышкан. Натыйжада эки адам октон жараат алып, ооруканага түшкөн.

Ошондой эле, 25-апрелде Ошто акча алмаштыруучу жайдан 3,6 млн сом каракталган. Маалыматка караганда, окуя саат 08:10дор чамасында болгон. Тапанча көтөрүп, беткап тагынган эки адам Курманжан Датка көчөсүндөгү акча алмаштыруучу жайга кирип келип, ал жакта иштеген 59 жаштагы Х.Б. аттуу жаранды сабап, 3,6 млн сом акчаны алып кеткен. Андан кийин аларды күтүп турган Daewoo Nubira унаасына отуруп, качып кетишкен.

Сабалган жаран ооруканага кайрылган.

Кийинчерээк аталган ишке шектелген кылмыштуу топтун мүчөлөрү колго түшкөн.