Чүй облусунун Дмитриевка айылында 17-майда террористти кармоо операциясы учурунда документтери күйүп кеткен туристтерге жардам берилет. Бул тууралуу Ысык-Ата райондук администрациясынан билдиришти.
Окуя болгондон кийин район акими аталган туристтер менен жолугушкан.
«Райондун акими Алмазбек Осмонов чет өлкөлүк жарандар менен жолугушуп, аларды Кант шаарындагы жатаканага убактылуу жайгаштырды. Аларды тамак-аш, кийим-кече менен камсыздоо жергиликтүү бийлик тарабынан колго алынды. Чет өлкөлүк жарандардын бирөө Беларустун, калгандары Россиянын жарандары. Алар Кыргызстанга өз алдынча тоого чыгып эс алуу үчүн келишкен», — деп билдиришти акимчиликтен.
Туристтер Россия, Беларус элчилиги менен байланышып, документ маселелери чечилгенге чейин жатаканада жашашат.
![turi Документтери күйүп кеткен туристтер тамак-аш, кийим-кече менен камсыздалат](https://bulak.kg/wp-content/uploads/2023/05/turi-1200x900.jpg)