Атай Бейшенбек Айып изоляторуна киргизилди

КРнын Юстиция министрлигине караштуу Жазаларды аткаруу кызматынын 21- мекемесинде (СИЗО-1) Атай Бейшенбек улуу Айып изоляторуна киргизилди. Бул тууралуу Жазаларды аткаруу кызматы кабарлады.

Маалыматта айтылгандай, буга себеп мерчемделген тинтүү иш-чараларын жүргүзүү учурунда айыпталуучудан REDMI үлгүсүндөгү уюлдук телефон табылган.

«Белгилей кетсек, “Кылмыштарды жасоо жагынан шек туудурган жана айыпталып кармалган адамдарды камакта кармоонун тартиби жана шарттары” жөнүндөгү 2002-жылдын 31- октябрындагы 150-мыйзамдын 36-37-беренелерине ылайык, айыпкер жана соттолгондорго тыюу салынган буюмдарды колдонгондугу жана сактагандыгы үчүн мекеме жетекчисинин токтому менен чара көрүлгөн.

Буга чейин дагы 2022-жылдын 22- декабрында тинтүү иш-чарасында жанынан уюлдук телефон табылып, мекеме жетекчилиги тарабынан сөгүш жарыяланган»,-деп айтылат маалыматта.