Лукашенконун абалы начар

Мамлекеттик Думанын КМШ иштери боюнча комитетинин башчысынын орун басары Константин Затулин Беларус президенти Александр Лукашенко сыркоолоп калганын ырастады.

«Ал жерде табияттан тышкаркы эч нерсе жок, бул ковид эмес. Ал жөн гана сыркоолоп жатат. Ал адам ооруп калганына карабай, Москвага барууну өзүнүн милдети деп эсептеп, ал жакка барып келип, ошол эле күнү кечинде Минскиде иш-чараларды өткөргөн”, – деди Константин Затулин.

Акыркы жолу Лукашенко эл алдына 9-майда чыккан. 14-майда Лукашенко Мамлекеттик символдор күнүн майрамдоого катышпай калган.

Буга чейин бир катар ЖМКлар Беларус башчысынын сыркоолоп жатканын жазышкан.

Алсак, Беларустун “Еврорадио” деп аталган оппозициялык медиасы 68 жаштагы Александр Лукашенконун “оор вирустук инфекциясы” менен, ал 13-майда Дроздыдагы президенттик клиникага барганын жазган.