Карындашын куткарып жатып киши өлтүрүп алган адам үч жылга кесилди

Карындашын куткарып жатып киши өлтүрүп алган адамга карата сот өкүм чыгарды. Бул тууралуу журналисттерге юрист Кайсын Абакиров билдирди.

Анын айтымында, бүгүн, 19-июнда Чүй облусунун Чүй райондук сотунда өкүм чыкты. Алгач Ж.С.га КР Кылмыш-жаза кодексинин “Бейбаштык ниеттен адам өлтүрүү” беренеси боюнча кылмыш иши козголгон.

Сотто кошумча күбөлөр суралып, РПККда комиссиялык психологиялык экспертиза жүргүзүлдү.

Чүй райондук сотунун өкүмү менен Ж.С.нын аракети “Аффект абалында киши өлтүрүп алуу” беренесине менен кайра квалификацияланып, ал 3 жылга эркинен ажыратылып, жазасын түзөтүү колониясында өтөмөй болду.

Эске салсак, 1-июль күнү саат 07:45 чамасында Токмок шаарындагы аялдамадан 1989-жылы туулган Ж.А., И.Р. айдап бара жаткан унаага түшүп, айдоочу жолду башка жакка буруп, кызга ыдык көргөзө баштаган. Ал унаадан түшүп, агасына телефон чалып, окуя тууралуу билдиргенге үлгүргөн. Кыз жүргүнчүлөрүн түшүрүп жаткан башка унаага отурганда, И.Р., унааны кууп жетип, жолун тосуп, кызды сабап, чачынан жулуп, унаадан чыгарууга аракет кылган. Ошол маалда келген кыздын агасы эмне болуп жатканын көрүп, кол салган адамды газ-травматикалык тапанчадан атып салган.

R 64 Карындашын куткарып жатып киши өлтүрүп алган адам үч жылга кесилди