Баткен: Жоокердин мойнуна ок тийип каза болду

Бул тууралуу Чек ара кызматынан билдиришти.

“21-февралда курал-жарактарды этиятсыз колдонуунун натыйжасында Баткен чек ара отрядынын жоокери каза болду. Алдын ала маалыматтарга ылайык, чек ара бекетинин аскерлерин алмаштыруу учурунда 1997-жылы төрөлгөн Кыргыз Республикасынын УКМКнын кызматкери АК-74 мылтыгынан кокусунан атып алган. Натыйжада 2002-жылы төрөлгөн башка жоокердин мойнуна мылтык тийген”, – деп айтылат маалыматта.

Жабырлануучуну ооруканага алып барганда, ал алган жаракатынан көз жумган.

Учурда окуя болгон жерге Баткен гарнизонунун Аскер прокуратурасынын өкүлдөрү жөнөп кетишти.