Өзүн атып алган милиция кызматкери боюнча ИИМ маалымат берди

Жалал-Абад облусунун Ноокен районундагы күзөт кызматкеринин өлүмү боюнча кызматтык иликтөө башталды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 1999-жылы туулган кызматкер өзүн-өзү атып алган.

«Маркум 2020-жылдан бери кызмат өтөп келген. ИИМдин Күзөт кызматы тарабынан себептерин тактоо боюнча кызматтык иликтөө башталды»,-деп билдиришти ИИМден.

Буга чейин Ноокен районунда күзөт кызматкери өзүн атып алганы тууралуу маалымат тараган.