Ноокенде күзөт кызматкери өзүн атып алды

Фото иллюстративное

Жалал-Абад облусунун Ноокен районунда күзөт кызматкери өзүн атып алды. Бул тууралуу Kaktus.media күч түзүмдөрүндөгү өздүк булактарына таянып жазды.

Маалыматка караганда, окуя бүгүн, 15-майда акча ташыган унаада (инкассация унаасы) болгон.

«Болжол менен саат 11:00дө Ноокен райондук күзөт бөлүмүнүн инкассация унаасында ок атылгандыгы тууралуу билдирүү түшкөн. Милиция кызматкери кесиптештери менен акча чогултууга барганы белгилүү болду. 24 жаштагы милиционер кесиптештери имараттын ичине кирип кеткен учурда Калашников автоматы менен унаанын ичинде өзүн атып алган»,-деп жазылат маалыматта.

Учурда териштирүү иштери жүрүп жатканы кошумчаланды.