Ноокенде ири өлчөмдөгү алдамчылыкка шектүү жаран кармалды

Ноокенде ири өлчөмдөгү алдамчылыкка шектүү жаран кармалды. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук милициясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Ноокен райондук милициясына Россиянын Москва шаарынын 38 жаштагы тургуну арыз менен кайрылган. Арызында ал 2022-жылдын октябрь айында Эдик аттуу жаран башка бирөө бере турган 700 миң рубль карыз акчасын алып беремин деп убада кылып, 600 миң сомун алып, бирок бүгүнкү күнгө чейин бербей качып жүргөндүгүн билдирген.

Бул факты Ноокен РИИБнин КБРне катталып, КР Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренесинин (Алдамчылык) негизинде кылмыш иши козголгон.

Жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иштеринин натыйжасында Эдик аттуу жарандын өздүгү аныкталып, ал мурда бир нече жолу соттолгон, Ноокен районунун Шайдан айыл аймагынын 35 жаштагы С.А. аттуу тургуну экендиги такталган.

Шектүү кармалып, 1 айга убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Учурда тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.