Байма Сутенова: Тиллебаевдин келиши менен кызыктуу жана көрүмдүү программалар калды

Мен жетектеген бөлүм – программа жана пландоо деп айталат. Мындай структура дүйнөлүк телевидение жана радионун тарыхы менен кошо жаралган, анткени ал телерадионун кыймылдаткыч күчү катары кызмат өтөйт. Мындай пикирин кыргыз журналистикасынын жүзү катары таанылган Байма Сутенова билдирди.

“Бүгүнкү күндө жаңы статус алган УТРКнын программасы кандай түзүлдү, эфирдик телекөрсөтүүлөр, радиоуктуруулардын торчосу эмнелерди камтыйт? Интернет айдыңында кандай орунду ээлейт? Сайт, SMM кызматы кандай пайдаланат деген суроолордун өзү мыйзам ченемдүү көрүнүш.
Эфирдик торчо (сетка вещания) – телевидениенин ички негизги мыйзамы. Ага жараша кызмат орундары, чыгармачыл топ, инженердик-техникалык кызмат көрсөтүү жана тейлөө шартталат.

УТРКга башкы директор болуп Болотбек Тиллебаевдин келиши менен эфирдик торчо инвентаризациядан толугу менен өттү. Сетканы түзүүгө эл аралык масштабдагы эксперттердин анализи да болду. Сапаттуу жана көрүмдүү контент даярдоо үчүн, телекөрсөтүүлөрдү ирилештирүү, тармактын багытын так аныктоо иштери тынымсыз жүрдү. Натыйжада, бири-бирин кайталаган, форматтары окшош, рейтингдери төмөн көрсөтүүлөр эфирден алынып салынды.
Азыркы күндө ар бир теледолбоордун бюджети аныкталып жатат. Көрсөтүүлөргө коротулган каражатты эсептөө, техникалык камсыздоо жагдайынын пландалышы, чыгармачыл топтун сунушун эске алуу жана албетте, контентти телекөрүүчүлөргө жарыя кылуу – анонс иштери өзүнчө бир пакетти түздү.
Гонорардык саясат – мурда оош-кыйыш болуп жүргүзүлүп келсе, азыр чыгармачыл топтун ар бир мүчөсү өзүнүн кошкон салымына жараша сый акы чегерилишинин ыкмасы иштелип чыкты. Чыгармачыл адамдар үчүн гонорар негизги стимул катары кала бериши керек!

Эфирдик торчодогу жакшы көрүнүш, бул продакшн студиялар үчүн УТРКнын эшигинин кенен ачылышы болду деп эсептейм. Азыркы учурда продакшн студиялардын 10дон ашык контенти эфирдик торчодон орун алды. Продакшн контенттер – телекөрүүчүлөр үчүн кызыктуу жана көрүмдүү программалар боло турган болсо, УТРК үчүн бир топ жеңилдик, анткени адамдык жана техникалык ресурстан экономия болуп, иштин жүгү жеңилдейт.

Мен телевидениедеги эмгек жолумду Жаштар редакциясынан баштагам. Жаштар редакциясындагы иш аракеттер мени жана мага окшогон ондогон тележурналисттердин ийгилигинин башаты болуп калган. Тилекке  каршы, 2015-жылы бул редакция жабылып, анын базасында “Спорт” каналы ачылган. Ошондон бери телевидение жаштар саясатына сыртын салып келсе, быйыл жаңы жетекчи Б. Тиллебаев жаштар аудиториясын Улуттук каналга кайрып алып келип жатат. Ар жуманын дүйшөмбү күндөрү кечинде илим-билимде, өндүрүштө, айыл чарбасында иштеген жаш лидердерди көрө аласыздар. Бул жаш күчтөр азыркы коомдогу элитанынын катарын жаңыртууга дүбүрт болот деп ишенем!

Улуттук телерадиокорпорациясына – областтык телевидениелердин кошулушу структуралык  өзгөрүү гана эмес, контенттик катардын байышына алып келди. Азыркы мезгилде областтык телекомпаниялар күчтүү кадрлардан  жана заманбап техникалык жабдуулардан турат.

Телекөрүчүүлөр байкады болушу керек, областтардан келген кызыктуу сюжеттер таңкы “Заманадан” башталып кечки жаңылыктарга чейин орун алууда. Эфирдик  торчону областтык телекомпаниялардын контенттери менен толуктоо күн тартибиндеги негизги иштердин бири.

УТРКнын жамааты үчүн учурда жаңы форматтагы, көркөмдүүлүгү жогору, актуалдуу көрсөтүүлөрдү даярдоого жакшы атмосфера түзүлдү. Жамаат коомчулук алдындагы милдетин да жакшы түшүнөт, чыгармачыл интеллигенциянын өкүлдөрү катары учурдун талабын сезип турган сезимтал чөйрө эмеспи. Улуттук телерадиоберүү корпорациясы улуттун ар тараптан өнүгүүсүнө таасир берүүчү массалык – маалымат каражаты катары өз вазийпасын аткарып жатат. Бул түйшүктүү жана шагылдуу жолдо кесиптештердин сөзсүз түрдө ийгиликтерди жаратарына ишенем!”, – дейт Сутенова.

2021 02 01 15 55 34 874075 Байма Сутенова: Тиллебаевдин келиши менен кызыктуу жана көрүмдүү программалар калды