Эки талапкер шайлоого катышуудан баш тартты

№ 26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутатын мөөнөтүнөн мурда шайлоого катышуу ниети жөнүндө буга чейин берген арыздарын 2 адам чакыртып алды. Бул тууралуу БШКдан билдиришти.

Алар:

  • Кадралиев Асылбек Мэлсович;
  • Медеров Азамат Медерович.

Ошентип, талапкерлердин саны 30 болду.

№26 Ленин округунан Жогорку Кеңештин депутатын мөөнөтүнөн мурда шайлоо 28-майга белгиленген. 8-майда башталган үгүт иштери 27-майга чейин уланат. Буга чейин аталган округдан Жогорку Кеңештин депутаттыгына шайланган Жаныбек Абиров мушташтан кийин өз каалоосу менен мандатын тапшырган.