Кытай-Кыргызстан чек арасында эки ирет жер титиреди

19-июнда саат 11:24тө Кыргызстандын чек арасына жакын Кытайдын аймагында бир сутканын ичинде экинчи жер титирөө катталды. Бул тууралуу Улуттук илимдер академиясынын Сейсмология институту билдирди.

Жер титирөөнүн очогу Нарын шаарынан 145 чакырым түштүк-чыгыш тарапта жайгашкан. Жер титирөөнүн очогунда күчү 3,5 баллды түздү.

18-июнь күнү саат 15:16да аталган аймактан жер титиреген.  Очогунда күчү 3 баллга жеткен.