Кыргыз-өзбек чек арасында 130 үй көчүрүлө турганы айтылды

Кыргыз-өзбек чек арасын делимитация жана демаркация иштери бүткөн соң ортодон зым тартылышы керек. Анын өзүнүн талаптары бар. Бул тууралуу коңшу өлкөнүн премьер-министри Абдулла Арипов өзбек парламентинин төмөнкү палатасынын жыйынында билдирди.

“Чек араны делимитация жана демаркация иштери бүткөн соң ортодон зым тартылышы керек. Өзүнүн талаптары бар, ортосундагы аралык 50 метрди түзгөн эки тараптан зым тартылат. Ал талаптарды аткаруу үчүн белгилүү бер жерлерден элди көчүрүүгө мажбур болобуз. Азырынча биздин эсептөөлөр боюнча 130 үйдү көчүрүү пландалууда. Аларга кенемте төлөө үчүн 50 миллиард сум (болжол менен 378 миллион сом) каралган. Ар бир үйдүн бак-дарагына чейин кенемте берилет”, — деди Арипов.

Ошондой эле ал өкмөт көчүрүлгөн үй-бүлөлөргө өзүлөрү турак жай куруп алышы үчүн башка жактан жер тилке берип же даяр үйлөрдү сунуштап, бир дагы адамды нааразы кылбай турганын белгиледи.

Буга чейин Өзбекстан парламентинин мыйзам чыгаруу (төмөнкү) палатасы Кыргызстан менен келишимдерди ратификациялоо боюнча мыйзам долбоорлорун жактырган.

Кеп чек аралар жана Кемпир-Абад суу сактагычынын суу ресурстарын биргелешип башкаруу келишими жөнүндө болуп жатат.

Эми документтердин долбоорлору Сенатта (парламенттин жогорку палатасы) каралышы керек.

Эске салсак, буга чейин КР Жогорку Кеңеши документти ушул жумада карашы мүмкүн экендиги белгилүү болгон.

Кыргызстан менен Өзбекстандын парламенттери келишимдерди ратификациялашса, президенттер Садыр Жапаров менен Шавкат Мирзиёев кол коюп, ратификациялык грамоталарды алмашат. Ошентип кыргыз-өзбек чек арасынын 1400 чакырымдан ашуун маселеси чечилет.