Бишкекте тез жардам унаасы жол кырсыгына кабылды

Бишкекте 9-ноябрда үч унаанын катышуусунда жол кырсыгы болуп, үч адам жабыркады. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, жол кырсыгы кечээ болжол менен 23:00до болгон. А.А. аттуу айдоочу тез жардам унаасы менен Ахунбаев көчөсү менен күн чыгышты көздөй бара жатып,  Жунусалиев көчөсүнүн кесилишинен солго бурулуп жатканда Ахунбаев көчөсүндө күн чыгыш багытында бара жаткан «Мерседес-Бенц» унаасы менен сүзүшкөн. «Мерседес-Бенц» ошол эле багытта келе жаткан «Фольксваген Пассат» унаасын сүзүп токтогон.

Жол кырсыгынан улам тез жардам унаасындагы 2 медицина кызматкери жана «Фольксваген Пассат» унаасынын айдоочусу жабыркап, ооруканага жеткирилген.

Азыркы учурда бардык унаалар айып аянтчасына токтотулуп, жол кырсыгынын келип чыгуу себептери такталууда.