Боке минген аргымактан күлүк болуп кетиптир, – Самыйкожо

Ат уурдоого шектелип кармалып, соттун чечими менен 1 айга камакка алынган акын Болот Назаров боюнча Жогорку Кеңештин депутаты Мирлан Самыйкожо Фейсбук баракчасына өзүнүн пикирин жазып билдирди.

Депутат анда Болотту “повод” кылып, дагы бир жолу пайдалана калгысы келгендер туура эмес кылып жатасыңар!- деген оюн билдирген.

“Болот акын жөнүндө сурап жатасыңар. Бир нерсе дейин десем аныгын билбей турдум. Билип-билбей айтууга да болбойт болчу. Сураштырсам, Болот инибиз эргип кетиптир. Аргымак кыргыз жигитинин канын дүргүтүп, канат болуп калат да. “Тойдо кыз жоголот” деген сөз сыңарындай эле болуптур. Уурдай качыптыр дегенге болбойт! Чабандес менен сүйлөшүп, саяпкерче аргымак сырын сурашып минип кеткенин өз видеосунда деле айтып жатат.

Бирок, бийлик кылды деп да билек түрүнүп алганыбыз чекилик. Жөн жерден куру доомат кылуу туура эмес болуп калат. Бул оюбуз дагы Боке минген аргымактан күлүк болуп кетиптир. Ал эми Болоттун кылыгы деле чок баскандай чоң кылмыш эмес! Ар түрдүү бурмалабай чыгармачыл адамды туура түшүнүп коюңуздар.
Болотту “повод” кылып дагы бир жолу пайдалана калгысы келгендер туура эмес кылып жатасыңар! Ансыз деле жакшынакай жаш акындын тагдырына так салып койгонуңар жакшы болгон эмес”, – деп жазды депутат.