Россияда эки кыргыз жарандын 4 млн долларын карактап кетишти

Россиянын «Домодедово» аэрпортунда белгисиз жарандар эки кыргызстандык жарандын 4 млн доллар акчасын карактап кетти. Бул тууралуу россиялык баслымалар жазды.

Маалыматка караганда, окуя бүгүн болгон. Кыргызстандык жарандар аэропорттун имаратынан чыгып келе жатканда каракчылар автомат менен коркутуп, акчасын алып, Lexus менен Toyota Land Cruiser унааларын айдап качкан. Каракчылар унааны токойго таштап, Chevrolet Tahoe унаасына отуруп кетишкен.

Учурда каракчылар полиция кызматкерлери тарабынан изделүүдө.

Белгилүү болгондой, кыргызстандык жарандар Москвага бизнес сатып алуу үчүн учуп келген.