Бишкекте чет элдик жарандар мушташа кетишти

Бишкекте чет элдик жарандар мушташа кетишти. Окуянын видеосун Твиттердин колдонуучусу жарыялады.

ИИМдин басма сөз кызматы билдиргендей, милицияга Жеңиш аянтында азиат түспөлүндөгү белгисиз адамдардын ортосунда жаңжал чыккандыгы тууралуу билдирүү түшкөн.

«Бул факты каттоого алынып, учурда Свердлов райондук ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери мушташка катышкандардын бардыгын аныктоо боюнча издөө иштерин жүргүзүп жатышат», — деп айтылат маалыматта.