Садыр Жапаровго кайрылган жигитке паспорт тапшырылды

Бүгүн, 10-ноябрда УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев, өздүгүн тастыктоочу документтери жок экенин, Казакстанда иштеп жатканын айтып президентке паспорт алууга жардам сурап кайрылган Ош облусунун Ноокат районунда 1995-жылы туулган Санжарбек Кадыровго паспорт тапшырды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Маалым болгондой, ал 24 жылдан бери Казакстанда иштөөгө мажбур болуп, өздүгүн тастыктоочу документтери жок болгон.

Көрүлгөн чаралардын негизинде Кадыровго Кыргызстандын паспортторун (ID-карта жана эл аралык паспорт) тариздөө жана берүү үчүн негиз болгон баштапкы документтер калыбына келтирилген. Кадыровго Кыргызстандын жаранынын паспортун алып берүү маселеси президент Садыр Жапаровдун көзөмөлүндө болгон.