Садыр Жапаров Өзбекстанга учуп кетти. Аны  коштоп кеткендердин тизмеси

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 10-ноябрда Түрк мамлекеттеринин уюмунун (ТМУ) Саммитинин тогузунчу жыйынына катышуу үчүн Өзбекстандын Самарканд шаарына иш сапары менен учуп кетти. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Өлкөлөрдүн лидерлери Уюмдун алкагындагы көп тараптуу кызматташтыктын актуалдуу маселелерин талкуулашып, уюмдун Декларациясын жана 2022-2026-жылдарга Стратегиясын кабыл алышат.

Иш-чаранын алкагында транспорт, бажы иши, санариптештирүү жаатындагы документ жана макулдашууларга кол коюу, ошондой эле ТМУ менен Эл аралык Түрк академиясындагы бир катар кызматтарга дайындоо болору пландалууда.

Кыргыз Республикасынын расмий делегациясынын курамы: 

– тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев;

– президенттин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев;

– Кыргызстандын Өзбекстандагы элчиси Муса Жаманбаев;

– Кыргызстандын Түркиядагы элчиси Кубанычбек Өмүралиев;

– транспорт жана коммуникация министри Тилек Текебаев;

– экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев;

– Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы Самат Исабеков.

Белгилей кетсек, өзбек тараптын төрагалыгы астындагы Саммиттин ишине Уюмга мүчө-мамлекеттер – Кыргызстан, Азербайжан, Казакстан жана Түркиянын президенттери катышат. Ал эми Венгриянын премьер-министри менен Түркмөнстандын Халк Маслахаты Милли Генгешинин төрагасы байкоочу макамында катышат.