Теңгиз Бөлтүрүк камакта калтырылды

«Кумтөр Голд Компани» жабык акционердик коомунун мурдагы тышкы башкаруучусу Теңгиз Бөлтүрүк 10-январга чейин камакта калтырылды. Бул тууралуу  Жогорку соттон билдиришти.

Маалым болгондой, Теңгиз Бөлтүрүктүн баш коргоо чарасы 4-ноябрда Октябрь райондук сотунда каралып, сот аны 10-январга чейин камакта калтыруу чечимин кабыл алган.

Буга чейин, 3-октябрда Бишкек шаардык соту райондук соттун Теңгиз Бөлтүрүктү 10-ноябрга чейин камакка алуу чечимин күчүндө калтырган.

Эскерте кетсек, Башкы прокуратура Теңгиз Бөлтүрүк менен бирге эки кишини «Кумтөр Голд Компанидеги» коррупциялык ишке шектеп кармаган. Мамлекетке 1 млрд сомго жакын зыян келтирилгени айтылган.

Ал УКМКнын тергөө абагында кармалууда.