Калаа мэриясы тогуз айда жарнамадан 25,2 млн сом тапты

Бишкек шаарынын мэриясы быйыл тогуз айда жарнамадан 25 млн 230,8 миң сом тапты.

Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, акчанын көбү – 24 млн 542,4 миң сом жер тилкелерин жарнамалык конструкцияларды орнотуу үчүн ижарага берүүдөн түшкөн.

Ал эми муниципалдык жарнама такталарын ижарага берүүдөн мэрия 688 миң 480 сом пайда көргөн.