Өзбекстандын мамлекеттик чек арасын делимитация жана демаркациялоо процесси аяктоодо, – Жапаров

Кыргызстан менен Өзбекстандын мамлекеттик чек арасын делимитация жана демаркациялоо процесси аяктоодо. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Баткендин Раззаков шаарында мамлекеттик ишмер Исхак Раззаковдун эстелигин ачуу аземинде билдирди.

Ал эл алдында сүйлөп жатып, Раззаков чыгаан инсан болгонун айтып, Өзбекстанда экономика, мамлекеттик пландоо, агартуу тармагында иштеп, жетекчилик кызматтарды ээлегенин белгиледи.

«Өзбекстан менен мамилебиз жакшы, туризм өнүгүп жатат. Мамлекеттик чек араны делимитация жана демаркациялоо процесси аяктоодо», — деди ал.

Эскерте кетсек, Кыргызстан менен Өзбекстан чек ара тууралуу келишимдин долбоорун даярдаганы белгилүү. УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев билдиргендней аталган документке ылайык, Кыргызстандын аймагы 15,8 гектарга көбөйөт. Ошол эле учурда Кыргызстан Өзбекстанга Кемпир-Абад суу сактагычынын алдындагы 4 миң 485 гектар жерди берет.