БУУнун мурдагы кызматкери Карим Элькорани 13 аялдын зордуктаганы үчүн соттолду

БУУнун мурдагы кызматкери, 39 жаштагы Карим Элькорани 13 аялдын зордуктаганы үчүн соттолду.

The Times гезитинин жазганына караганда, бул окуялар Иракта, Египетте жана АКШда 17 жылдан бери болуп келген. Белгилүү болгондой, ал адам Иракта эл аралык өнүгүү тармагында, үч жыл – БУУнун Балдар фондунда жана эки жыл БУУнун байланыш боюнча адиси болуп иштеген.

Иштин материалдарынан көрүнүп тургандай, Элькорани жабырлануучулардын ишенимине кирип, аларга байкатпай баңгизат берип, андан соң зордуктаган. Жалпысынан жабыркаган 13 аял аныкталган. Анын ичинде 2016-жылы Иракта иштеген журналист да бар.

Сот Карим Элькораниди 15 жылга эркинен ажыратты.

thumb 2 БУУнун мурдагы кызматкери Карим Элькорани 13 аялдын зордуктаганы үчүн соттолду