
Бишкек шаарынын мэриясы быйыл тогуз айда жарнамадан 25 млн 230,8 миң сом тапты.
Бул тууралуу мэриядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, акчанын көбү – 24 млн 542,4 миң сом жер тилкелерин жарнамалык конструкцияларды орнотуу үчүн ижарага берүүдөн түшкөн.
Ал эми муниципалдык жарнама такталарын ижарага берүүдөн мэрия 688 миң 480 сом пайда көргөн.