Рита Карасартова “массалык башаламандыкка» шектелип жатат, – Акыйкатчы

Омбудсмен Атыр Абдрахматова Акыйкатчы институтунун кызматкерлери Свердлов ички иштер бөлүмүндө укук коргоочу Рита Карасартова менен жолукканын маалымдады. Анын маалыматында, Карасартова “массалык башаламандыкка» шектелип жатат.

Адвокат Чынара Жакупбекова саясатчы Клара Сооронкулованы Биринчи май райондук ички иштер бөлүмүнө алып баратышканын жазды.

Буга чейин саясатчы Жеңиш Молдакматовду Октябрь райондук ички иштер бөлүмүнө алынып кеткен. Ошондой эле активисттер Али Шабдан жана Эрлан Бекчоро милицияга жеткирилгенин кабарлаган.