Кемпир-Абад маселеси боюнча активисттер 48 саатка камалышты

Кемпир-Абад маселеси боюнча «Массалык баш аламандыктарды уюштурууга даярдануу» деген шек менен кармалган активист, саясатчылардын алгачыклары 48 саатка камала баштады.

Социалдык тармактарга тараган маалыматтарга караганда, Равшан Жээнбеков, Рита Карасартова, Чыңгыз Капаров жана Чынарбек Шабдан уулу 48 саатка камалды.

Буга чейин Ички иштер министрлиги Кылмыш-жаза кодексинин 36-278-беренеси «Массалык баш аламандыктарды уюштурууга даярдануу» менен козголгон кылмыш иши боюнча тергөө амалдары жүргүзүлүп жатканын билдирген болчу.

«Кемпир-Абадды коргоо» комитети кечээ, 22-октябрда түзүлгөнү кабарланган.   Буга чейин Өзгөндө Кемпир-Абадды коргоо боюнча Элдик Курултай өткөрүшкөн болчу.

Президент Садыр Жапаров кечээ «Кабар» маалымат агенттигине маек берип жатып Кемпир-Абад маселеси боюнча түшүндүрмө берген.