Равшан Жээнбеков убактылуу кармоочу жайга киргизилди

Жогорку Кеңештин экс-депутаты Равшан Жээнбеков убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Бул тууралуу жактоочу Замир Жоошев билдирди.

Анын айтымында, 48 сааттын ичинде сот баш коргоо чарасын тандайт.

«Кемпир-Абадды коргоо комитетинин мүчөсү болгон Равшан Жээнбеков “Массалык башаламандык уюштуруу” беренеси боюнча шектелип, ИИМдин тергөө кызматы тарабынан кармалды. Аталган комитет кечээ, 22-октябр күнү, түзүлгөн. Анын мүчөлөрү массалык башаламандык уюштурууну көздөшкөн эмес, болгону аталган маселенин айланысында биригели деп чечишкен. Алар коомдук жайда, ачык эле чогулушушкан. Себеби Кыргыз Республикасынын 36-беренесине ылайык ар бир адам биригүү эркиндигине укуктуу», — деп жазат жактоочу.

Равшан Жеенбеков өзү Кемпир-Абад суу сактагычы үчүн абакка отуруудан уялбай турганын айтты. «Мени кайрадан камакка алышты. Мен андан коркпойм. Кемпир-Абадды эч кимге бербешибиз керек», – деди ал.

YouTube video