Атай Бейшенбектин үйү тинтилүүдө, – видео

Жактоочу Канат Хасанов активист атай Бейшенбектин үйү тинтилип жаткандагы видеону өз баракчасына жүктөдү.

Анын айтымында активисттин үйүндө бир ок атуучу курал табылган, бирок анын бардык документтери бар болуп чыкты. Башка эч нерсе табылган эмес.

Хасановдун айтымында жакында эле Тажикстандагы кол салуу болгондо Атай Бейшенбек бийликте тургандар кылбаганды Атай кылып, маалымат жактан абдан чоң жумуштарды жасаганын белгилеп кетишибиз керек. Муну куугунтуктабай, тескерисинче пайдаланыш керек болчу, – дейт Хасанов.