Дагы төрт адам убактылуу кармоочу жайга киргизилди

Кемпир-Абад маселеси боюнча «Массалык баш аламандыктарды уюштурууга даярдануу» деген шек менен кармалган активист, саясатчылардын алгачыклары 48 саатка камала баштады. Буга чейин саясатчы Равшан Жээнбеков убактылуу кармоочу жайга киргизилгени белгилүү болгон.

Социалдык тармактарга тараган маалыматтарга караганда, Рита Карасартова, Чыңгыз Капаров, Асия Сасыкбаева жана Чынарбек Шабдан уулу да 48 саатка камалды.

Буга чейин Ички иштер министрлиги Кылмыш-жаза кодексинин 36-278-беренеси «Массалык баш аламандыктарды уюштурууга даярдануу» менен козголгон кылмыш иши боюнча тергөө амалдары жүргүзүлүп жатканын билдирген болчу.

«Кемпир-Абадды коргоо» комитети кечээ, 22-октябрда түзүлөндүгү кабарланган. Буга чейин Өзгөндө Кемпир-Абадды коргоо боюнча Элдик Курултай өткөрүшкөн болчу.