Бишкекте 16 саясатчы жана активист кармалды, – Азиза Абдирасулова

Ички иштер министрлигинин кызматкерлери массалык баш аламандыкка даярданган 16 активист менен саясатчыларды кармашты. Бул тууралуу «Кылым шамы» укук коргоо уюмунун негиздөөчүсү Азиза Абдирасулова билдирди.

Анын айтымында, иш ИИМдин Тергөө кызматы тарабынан КР Кылмыш-жаза кодексинин 278-беренеси «Массалык баш аламандык» боюнча козголгон. Нарын, Чүй ОИИБ, Бишкек ШИИБ жана ИИМдин Башкы тергөө башкармалыгынан 36 тергөөчүсү иш алып барууда.

Азиза Абдирасулова учурда милиция бөлүмүнө 16 саясатчы жана активист алынып келингенин баса белгиледи. Алардан:

– Бектур Асановдун жакын санаалашы Таалай Мадеминов Бишкек ШИИБге жеткирилди;

– активист Перизат Суранова Ички иштер министрлигинин Башкы тергөө башкармалыгында;

– УКМКнын экс-жетекчиси Кеңешбек Дүйшебаев менен активист Эрлан Бекчороев – Ленин РИИБде;

– КРнын Малайзиядагы мурдагы элчиси Азимбек Бекназаров жана укук коргоочу Рита Карасартова – Свердлов районунун ички иштер башкармалыгында;

– Конституциялык соттун экс-судьясы Клара Сооронкулова жана активист Али Шабдан – Биринчи Май райондук ички иштер башкармалыгында;

– активист Жеңиш Молдокматов – Октябрь РИИБине;

– экс-депутат Асия Сасыкбаева – Аламүдүн райондук ички иштер бөлүмүндө.

Акыйкатчы Атыр Абдрахматованын айтымында, журналист Айданбек Акматов борбор калаанын ички иштер бөлүмүндө.

«Бектур Асанов, Кубаныч Кадыров, Улугбек Маматаев, Айданбек Акматов, Гүлнара Журабаева кайда экени азырынча белгисиз», – деди Азиза Абдирасулова.

Эске сала кетсек, Кемпир-Абад суу сактагычын колдоо комитети бир күн мурун түзүлгөн. Анын курамына активисттер, саясатчылар жана депутаттар кирген. Ошол эле күнү президент Садыр Жапаров “Кабар” агенттигине берген маегинде: Кемпир-Абаддагы митингдердин, жөө жүрүштөрдүн артында кимдер турганы боюнча бийликте маалымат бар экенин билдирген.