Акыйкатчы институту сурактагы активисттерге жолугууда

Акыйкатчы институту жарандык активист Эрлан Бекчороевге жолукту. Бул туурасында Акыйкатчы Атыр Абдырахматова Фейсбуктагы баракчасына жазды.

Анын айтуусунда, ал Бишкек шаарынын  Ленин райондук ички иштер башкармалыгында. Ага массалык баш аламандыкты уюштурууга көмөктөшүү деп күнөө коюп жатат.

Адвокаты жок, сурак башталган эмес.

Ал эми Клара Сооронкуловага да жолукканын жазды. Ага да массалык баш аламандыкты уюштурууга көмөктөшүү деп күнөө коюп жатканын белгиледи.

Бүгүн, 23-октябрь күнү Кемпир-Абадды коргоо комитетинин ондон ашык мүчөсүн милиция үйлөрүн тинтип, суракка кармап кеткен. Анын ичинен Перизат Суранова менен Равшан Жээнбековду кайсы жакка алып кеткенин Акыйкатчы институту билбей жатканын билдирди.