Жогорку Кеңеш Атыр Абдрахматованы кызматынан мөөнөтүнөн мурда бошотууга макулдук берди

Бүгүн, 3-майда Жогорку Кеңеш Атыр Абдрахматованы Акыйкатчы кызматынан мөөнөтүнөн мурда бошотууга макулдук берди.

Буга чейин “Ата Журт Кыргызстан” фракциясы аны кызматтык милдеттерин аткарбаганына байланыштуу ээлеген кызматынан бошотуу чечимин чыгарган. 19-апрелде депутаттар Абдрахматованын 2022-жылга карата отчетун угушкан.

Депутат Адахан Мадумаров акыйкатчыны кызматынан бошотууга каршы чыкты. Анын пикиринде, фракциянын чечими негизсиз.

Спикер Нурланбек Шакиев бардыгы регламент боюнча жүрүп жатканын айтты. Анын айтымында, бүгүнкү жыйынга акыйкатчы Атыр Абдрахматова чакырылган.

Абдрахматова бул кызматта 2022-жылдын февраль айынан бери иштеп келген.