IMG 20210728 213153 999 «Кордолгон кой териси». Малдын териси иштетилсе бюджетке пайда

Бул кадимки эле малдын териси. Малдын жана башка жаныбарлардын терисинен чарбалык, турмуш-тиричилик муктаждыктары кийим, бут кийим, идиш-аяк, ат жадбыктары жана башка үчүн жарактуу материал алуу иши. Тери иштетүү эттин калдыктарынан, майдан, чел кабыктан тазалоо, анын жумшак, бекем, ийкемдүү, суу өтпөс болушуна жетишүү сыяктуу процесстерди камтып, андан булгаары же аңтери алынат. Мындай ишкерлик кирше табуунун орчундуу булагы болуп эсептелет. 

Мал киндиктүү Нарын облусунда акыркы беш жылдан бери кой териси иштетилбей, таштандыга ыргытылат. Тургундар терилер эч нерсеге жарабай кор болуп, экологияга жана экономикага дагы зыян алып келип жатканын айтышат. Ал эми тери алган ишкерлер тери иштетүүчү чоң ишкана жоктугун  жана терилердин экспорттолбой жатканын билдиришти.

Биз Нарын облусунда малдын териси эмне себептен таштандыга ыргытылып, кор болуп жатканын анализдеп көрдүк.

Таштандыга “пачкелеп” ыргытылган терилер…

Ат-Башы айылынын тургуну Саламат Ибраев акыркы беш айда бери дегенде эле он койдун терисин таштандыга ыргытты. Ал койдун териси азыр баркталбай калганын белгилейт. Мурда айыл аралап, тери сатып алган ишкерлер, соңку учурда караанын таптакыр көрсөтпөй кетти. 

“Күзүндө кызымды турмушка узатып, куда тостум. Беш кой союлду. Терисин сайдагы таштанды ыргыткан жайга алып барып таштадым. Беш жылдан ашты го. Тери баркталбай калганына. Мурда айылдагы аялдар терини ашатып, жер төшөк жасачу да. Ал кезде терилер алардан ашчу эмес. Андан кийин айылга айылга тери алып келгендерге 400-500 сомдон өткөрүп жүрдүк. Азыр эч кимге кереги жок болуп калды”,- дейт ал. 

346815.1.1528195116 «Кордолгон кой териси». Малдын териси иштетилсе бюджетке пайда

Нарын облусунда 1 миллиондон ашык майда жандык бар. Бул көрсөткүч каттоого алынган гана малдын саны. Адистер анын кеминде 30% бир жылда союларын айтып жүрүшөт. Бул орто эсеп менен 300 миң койдун териси таштандыга ыргытылат деген кеп. Ал эми күздөгү той сезонунда таштанды челектери койдун терисине толуп калганын көрүүгө болот. 

KTIKS 4 «Кордолгон кой териси». Малдын териси иштетилсе бюджетке пайда

Бир нече жыл мурун облустарда кой-эчкинин териси 100 сомдон баштап, 500 сомго чейин, бодо малдыкы 1000 сомдон жогору баада алынып турган. Ортодо ал чет элдик ишкерлердин байланышы бар өндүрүштөр токтоп калып, кайра иштетүүчү жарактуу продукция учурда айыл четиндеги таштандыга үйүлүп калды. Башка мамлекеттер бука менен уйдун терисинен кайыш, ат жабдыктарынан баштап бут кийимге чейин чыгарып жакшы эле киреше таап жатса, бизде малдын териси иттердин эрмегине айланды.

Нарын шаардык мэриясына караштуу “Таза Нарын” муниципалдык мекемесинин жумушчусу Калыйкул Жаналиев күн ысыкта, тери бир күн турса эле жыттанып, курттап кетерин белгилейт. Мындай шарт тазалыкты караган жумушчуларга эле түйшүк жаратат. 

“Нарын шаарында 50дөн ашык жерде таштанды челектери бар. Күзүндө ошол ар биринен аз дегенде 5-6 тери жүктөйбүз. Болбосо 10-20 териге чейин чыгат. Ошондо бир күндө эле 100дөн ашык тери жүктөп жатпайбызбы. Чымын каптап, сасып кетет. Бет кап тагынсак дагы жыттанат. Жыттанган тери чогултуп атып эле, ден соолук кетти окшойт”,- деди  Жаналиев. 

IMG 6243 «Кордолгон кой териси». Малдын териси иштетилсе бюджетке пайда

Нарын шаарында бир күндө 60 тоннадан ашык таштанды чыгарылат. Күзүндө мунун үчтөн бирин койдун териси түзүп калат. Чыгарылган таштанды шаардын четиндеги Карга-Жайлоо деп аталган өрөөнгө төгүлөт. 

 2022-жылы Нарын облусунун бийлиги жеке ишкерлер менен сүйлөшүп, таштандыны кайра иштетүүчү кичи цех куруларын шардана кылган. Долбоор 8 миллион долларга бааланып, кагаз, желим, тери, айнек кайра иштетилмек. Бирок андан бери бир жыл өтсө да ал цехтин дайыны айтыла элек. 

Нарын районунун Жан-Булак айылынын тургуну Гүлзада Төлгөташова бир кезде тери чогулткан ортомчу ишкерлерди эстеди:

photo 5366363905103874758 y «Кордолгон кой териси». Малдын териси иштетилсе бюджетке пайда

“Мындан 3-4 жыл мурун эчкинин терисин алышчу. Анын терисин 200 сомго чейин сатчубуз. Анда дагы тыбыты бар терини алышчу, тыбыты жок болсо сата алчу эмеспиз. Койдун терисин болсо жүнү болсо алчу, жүнү жок болсо алышчу эмес. Азыр аны дагы албайт. Анан айыл жергесинде мал көп союлат, айла жок терисин өрттөйбүз, таштандыга ыргытабыз. Таштандыдан иттер сүйрөп чыгат. Жер жайнаган жүн болуп эле калат. Териден эч кандай пайда болбогондон кийин айла жок ыргытабыз да. Ортомчу ишкерлер болсо экспортко шылтоолоп эле албай калышты. Негизи Нарын жергесинде мал көп союлат да, анан элестеткиле бир айылдан эле жылына 200-300гө жакын тери чыкса, орто эсеп менен алганда. Анын бары таштандыга кеткенде эмне болот? Албетте, экологияга чоң зыян да. Мындан 5-6 жыл мурун койдун терисин 500 сомдон өткөрчү элек, азыр таштандыда кор болуп жатат”,- дейт ал. 

Төлгөташова тери алган ортомчу ишкерлер аны Кытайга экспортко чыгарып турган. Кийин Кытай да тери алууну токтотуп койгон. Анын себеби алигүнчө айтыла элек.  

photo 5370947120540010463 w «Кордолгон кой териси». Малдын териси иштетилсе бюджетке пайда
Терини кайра иштетүү

СССРдин убагында Кыргызстанда терини кайра иштеткен ишканалар болгон. Кийин союз тараганда анын баары менчикке өткөн. 

Кыргызстандын эгемендүүлүк алгандан кийин Нарында “Аида” деп аталган терини кайра иштеткен цех иштеп турган. Анын жетекчиси Шерманбет Орозалиев кытайлар менен биргелешип, шымалана жумушту баштаган. Бирок ал цехте экологиялык нормалар сакталбайт деп шаар тургундары нааразылыгын билдирип турган. Натыйжада Орозалиев ишкерлигин 2000-жылдардын башында токтоткон. Андан бери терини кайра иштетүүгө бел байлап, тобокелге барган ишкер чыга элек.   

Нарын облусунун изилдөөлөр жана реформаларды ишке ашыруу бөлүмүнүн башчысы Улан Алыбаев терини кайра иштетүү ишканасын ачам деген ишкерлер үчүн жакшы мүмкүнчүлүктөр бар экенин айтат. 

“Мурда Нарын облусунун өкүлдөрү Өзбекстанга барып, терини кайра иштетүү боюнча келишим түзүп келген. 2023-жылы Өзбекстанга барып, өзбекстандык ишкерлер менен кайрадан келишим түзүп келгенбиз. Ал келишимде мурун айтылгандай терини иштетүү эмес, картошко айдоо, иштетилбей турган кайрак жерлерди иштетүү боюнча келишими түзүлдү. Ал эми терини кайра иштетүү кийинки этапка жылып атат. Эгер башка ишкерлер терини иштетүү боюнча ишкана ачам деп келишсе биздин эшик ачык. Эч кандай тоскоолдук жок, долбоорун сунушташса болот. Андай ишкерлер чыкча биздин фонддо дагы акча каражатын бөлүп берүү каралган. Бирок тилекке каршы тобокелчиликке барган ишкерлер чыкпай атат”,- дейт ал.

327564601 904287590894467 768424608863751989 n «Кордолгон кой териси». Малдын териси иштетилсе бюджетке пайда
Келишим түзүү учуру.

Албетте терини иштетүүдө экологияга зыяндуу заттар бөлүнүп чыкпайт деген кепилдик жок. Алыбаев ишкерлер бул жагынан дагы кооптонушу ыктымал экендигин белгиледи.

Тонналап өрттөлгөн койдун жүнү…

Союлган койдун териси таштандыга ыргытылып жаткан чакта, жыл сайын кыркылган миллион койдун жүнү кайда кетип жатат деген суроо туулат.  

Азыр бир малчы бери дегенде 500дөн 1000ге чейин кой багат. Малчылар аны жайлоого барганда, койдун жүнү өрдөп калган кезде кыркуу оңой экенин белгилешет. Алардын колунданы койлордун жүнү кылчыктуу, кайра иштетүүгө көп жарай бербейт. СССР учурунда жүнү менен атагын чыккан меринос падосындагы койлор азыр жокко эсе. Ушундан улам малчылар кыркылган жүндү өрттөп жок кылышат. 

3 «Кордолгон кой териси». Малдын териси иштетилсе бюджетке пайда

“Бир койдон эң аз дегенде бир кило жүн чыгат. Ошондо мен баккан миң койдун жүнү бир тонна болуп жатпайбы. Өткөрөлү десек эч ким албайт. Анан айла жок өрттөйбүз. Антпесек учуп, жайлоонун баарын булгайт да”, – дейт Атбашынын Ак-Сай өрөөнүндө көп жылдан бери мал баккан Түгөлбай Алымкулов. 

Экологдор өрттөлгөн бир тонна койдун жүнүнөн абага 50— 150 кило азот бирикмелери бөлүнүп чыгарыларын белгилешет.  Абанын булганышы кишинин (жаныбарлардын) ден соолугуна, өсүмдүктөрдүн өсүшүнө зыяндуу таасир тийгизет. Буга мисал катары соңку жылдары жайыт такырайып, малчылардын жайыт талашы курчуп жатканын айтууга болот. 

Эң негизгиси булганган абада жашагандардын ден соолугу бузулуп, айрым оорулардын саны көбөйөт. 2021-жылы швейцариялык окуумуштуулар Ак-Сайда жашаган калктын 70% өпкөсү жакшы иштебейт деген бүтүм чыгарышкан. 

IMG 20210728 213153 999 1 «Кордолгон кой териси». Малдын териси иштетилсе бюджетке пайда
Таштандыда жаткан тери

Мунун менен өлкөдө малдын санынын өсүшү менен жайыттардын такырланышы ошол эле малда союлган малдын териси таштандыга ыргытылып, экологияга чоң таасирин берип жатат.

Мындан 5-6 жыл мурун айылдарда көчө аралап, тери алган ортомчу ишкерлер болгон. Ал убакта кой-эчкинин терисинин орточо баасы болжолдуу 500 сомду түзгөн. Ал эми уй териси көлөмүнө жараша бааланып, 1000 сомдон өйдө болгон. Жылкынын териси көп учурда алынчу эмес. Мунун себебин, ортомчу ишкерлер экспортко жарабайт деп түшүндүрүшкөн.

Булгарыдан буюм жасап, киреше тапкан Рахатбек

Ат-Башы районунун тургуну Рахатбек Үсөнкожоев иштетилген териден ар кандай буюмдарды буйрутма менен жасайт. Ал азыр Бишкек шаарында турат, Нарында буйрутма аз болгондуктан, борборго көчүп келген.

IMG 6783 «Кордолгон кой териси». Малдын териси иштетилсе бюджетке пайда
Рахатбек Үсөнкожоев

«Мен мурда Ат-Башыда терини өзүм иштетип, жасачумун. Бирок ал жакта буйрутма деле болбойт экен. Кийин бул жакка келип үйдөн иштеп баштадым. Чет өлкөдөн буйрутма беришет. Булгаарыдан жасалган буюм бышык болот. Аларды чет өлкөлөргө чейин алып кетишет. Ар бири жок дегенде эле 2000 сомдон сатылат. Буйрутма көп түшүп калганда, беш-алты баланы жардамга чакырып, чогуу бүтүрөбүз. Интернеттен буйрутма беришет, үйгө келишет. Айтор кардар жакшы эле», — дейт жеке ишкер.

5 «Кордолгон кой териси». Малдын териси иштетилсе бюджетке пайда

Үсөнкожоев азыр териден камчы, кур, капчык, ачкыч кап, жаа жана башка сувенирлерди жасайт. Ал териден буюм жасоону өз алдынча эле өздөштүрүп алган. Эгер мамлекет жардам берсе, региондорго барып кол өнөрчүлүк багытында тренинг өтүп, кызыккандарды үйрөтүүгө  даяр экенин кошумчалады. 

Ошондой эле ал, өлкөдө булгарынын баасы кымбат экенин белгиледи. 

«Кыргызстанда тери иштетүүгө эч кандай тоскоолдуктар жок»

Кыргызстанда тери иштеткен чакан ишканалар бар. Алардын бири 1992-жылы түптөлгөн Чүй облундагы «Булгаары» заводу. Заводдон иштелип чыккан тери чет мамлекеттерге экспорттолот.

«Теринин сапаты начар болгон үчүн таштандыга ыргытылып кетет. Көпчүлүк фермерлер малдын терисин күйгүзүп, белги басышат. Андай тери дагы жараксыз болуп калат. Мамлекет тарабынан ишкердикке эч кандай тоскоолдуктар жок. Бардык документтер жайында болсо, тоскоолдук болбойт жана экспорт үчүн салык алынбайт. Кыргызстан боюнча 5-6 фирма булгаары иштетүү боюнча иш алып барат. Бизде иштетилген тери медицина тармагында протездик-ортопедиялык борборлор үчүн дагы колдонулат. Мындан тышкары Казакстан өз авиациясын форма менен камсыздоо үчүн да калың булгаарыларды алып кетет», — деди ал.

IMG 6590 «Кордолгон кой териси». Малдын териси иштетилсе бюджетке пайда
“Булгаары” ишканасы

«Ишкерлерге колдоо көрсөтүп маселени чечсе болот» 

Нарын аймактык ишкерлер ассоциациясынын директору Кылыч Мамбеталиев  жергиликтүү ишкерлер терини иштетсе, мамлекетке көп киреше түшөт дейт.

«Нарын облусунда тери абдан көп чыгат, бирок иштетилбей, таштандыга кетет. Маселени чечүүнүн жолдору бар: алгач жеке ишкерлерге колдоо көрсөтүш керек. Алар терини булгаары өндүрүшүнө пайдаланса болот. Ишкерлерди колдоо үчүн эл аралык уюмдар да арбын. Нарын тоолуу аймакта жайгашкандыктан, жардам алууга мүмкүнчүлүгү көбүрөөк», — деди ассоциациясынын директору.

Мамбеталиевдин айтымында, жеке ишкерлерди колдоого алуу менен калкты жумуш менен камсыз кылып, мамлекетке пайда алып келип, айлана-чөйрөнү таза сактаса болот.

Улуттук статистика комитетинин расмий сайтында тери менен жүндүн чийки продукция катары сыртка чыккан экспорт тууралуу маалымат жок. Бирок булгаары сыяктуу тери кайра иштетилген соң,  чет өлкөгө сатылган товардын баасы 35 миллион сомдү түзгөнүн көрүүгө болот.  

Экономист Кубан Чороев терини кайра иштеп, экспортко чыгаруу өлкө экономикасы үчүн чоң пайда экенин айтат. Бирок бул багытта тажрыйбалуу ишкер жок болгондуктан, сырттан инвестор тартуу керектигин белгиледи.

df010a9ac00cb055193eae37ea5ba24c XL «Кордолгон кой териси». Малдын териси иштетилсе бюджетке пайда
Кубан Чороев

“Булгары өндүрүп, андан буюм жасоо биздин олкө үчүн абдан пайдалуу киреше булагы. Анткени Кыргызстанда мал көп. Бирок анын терисин иштеткен бир-эки гана ишкана бар. Бирок алар анчалык көп көлөмдө өндүрө албайт. Ошондуктан тажрыйбалуу ишкерлерди тартса болот. Анткени бул багытта атаандаштык жок десем болот. Мисалы, Түркия, Монголия бугарыны өндүрүп буюмдарды жасап, экспортко чыгарат. Биз дагы алардын тажрыйбасын колдонсок болот. Бирок ал үчүн техникалар күчтүү болуш керек. Анан эч жашабаган аймакка куруш керек. Өкмөт ушул багытты дагы жөнгө салса, экономикага киреше булагынын бир бөлүгү болмок”,- дейт Чороев.